Menu

Кыргызстанда 6-июлдан 10-июлга чейин кандай кадрдык өзгөрүүлөр болду?

Бөлүшүү:

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматынан кетти.

“Окуу жылы аяктагандан кийин, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Жашасын жарандык активдүүлүк! Өмүр сабагы үчүн өкмөткө ырахмат” – деп Рита Карасартова Facebook баракчасына жазган.

Ал аталган кызматка 2019-жылдын декабрь айында дайындалган.

Жеңишбек Абитов Ленин РИИБнин башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчы болуп Мадияр Кулуев эмгектенип келген. Өзгөчө абал режими убакта ал Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин буйругуна баш ийбегендиги үчүн иштен алынган. Андан кийин Ленин РИИБнин башчысынын милдетин Чыңгыз Керимкулов аткарып келген.

Милициянын полковниги Жеңишбек Абитов буга чейин Панфилов РИИБнин жетектеп келген.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2020-жылдын 16-июлунан тартып Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Сагынбаев Бакыт Тынышовичтин ыйгарым укуктары токтотулган жана КР жергиликтүү судьясы кызмат ордунан бошотулган.

КР Жогорку Сотунун судьялары шайлангандыгына байланыштуу, судьялардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган:

— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Аднан Кереши ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү болуп дайындады.

Аднан Кереши БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна 1995-жылы Римде Программа жана бюджет боюнча адис катары катышып, ошол эле учурда ФАОнун Программалык комитетинин катчысы болгон.

2009-жылдан 2017-жылга чейин уюмдун Бангкоктогу аймактык кеңсесинде административдик маселелер боюнча адис, андан кийин ФАОнун Монголиядагы өкүлү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: