Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кыргыз жериндеги кийиктерди коңшу өлкөнүн аңчылары кырып жатканын айтты. “Көк-Ойрок” чек ара заставасын курмайынча кийиктерди сактап калуу аракетинен майнап чыкпасын билдирген депутат: “Октябрдан май айына чейин Көк-Ойрок аймагында эч ким болбойт. Малчы да, егерь да, чек арачы да жок. Коңшу өлкөнүн жарандары тик учак менен келип биздеги кийиктерди үйүрү менен айдап кетип, өз аймагынан атып жатышат. Муну баарыбыз билебиз. Ал жактан аман калган кийиктер гана өлкөгө кайтып келишет. “Көк-Ойрок” чек ара заставасын курмайынча маселе чечилбейт”, – деген оюн парламенттик жыйында ортого салды. Өкмөт өкүлү “Көк-Ойрок” чек ара заставасын куруу планы бар экенин, бирок көп жылдан бери ишке ашпай жатканын белгиледи.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ