Бүгүн, 2017-жылдын 11-октябры күнү Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагында узуну 12 метр, туурасы 6,8 метр көпүрө курулуп бүтүп, колдонууга берилди. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Көпүрөнүн ишке берилишине КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов, министрдин орун басары Равшан Рысбаев, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарбашев катышты.
Көпүрө 2017-жылдын 1-августундагы КР ӨКМнин буйругунун негизинде Авариялык калыбына келтирүү планына киргизилип, жумуш 2017-жылдын август айында башталып, кыска мөөнөттө бүткөрүлдү.
Азыркы учурда көпүрө толук бүткөрүлүп, жергиликтүү калк автоунаа жана жөө каттам менен камсыз болду. Аталган көпүрө 86 кожолук, 76 окуучуну авто унаа каттамы менен камсыздайт. Буга чейин ашар жолу менен курулган эски көпүрөнү жыл сайын сел алып кетип, жергиликтүү калкты көптөгөн түйшүккө салып келген. Көпүрөнүн ачылышын жергиликтүү эл чоң салтанатка айландырышып, шаан-шөкөт уюштуруп, келгендерге терең ыраазычылыктарын билдиришип, аксакалдар ак баталарын беришти.
Көпүрөнү бойлой бийиктиги 3,4 метр, оң жээгинде 10 мерт аралык, ал эми сол жээгинде 83 метр аралыкка габион торчосу менен коргоочу дамба курулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ