Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, иштеп жаткан мыйзам талабына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Ушу тапта мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 млрд 805 млн долларды (288 млрд 803 млн сом) түздү же ички дүӊ өнүмгө карата – 68,2 пайыз. Мындайча айтканда, мыйзам көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен. Ошондон улам, өкмөт кирешенин төмөнкү деңгээлиндеги өлкөлөр үчүн карыздын туруктуулук деңгээлин баалоонун эл аралык көрсөткүчүн колдонууну сунуштоодо.
Талкуу жыйынтыгында тармактык комитеттин мүчөлөрү өкмөттүн мамлекеттик карыздардын жогорку чегин алып салуу сунушуна макул болуп, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ