Menu

Видео – Бүгүн Минскидеги заводдо (МЗКТ) жумушчулар биринчи жолу Лукашенкону “Кет!” деп бетине айтышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-августта Минскидеги трактор дөңгөлөктөрүн чыгарган заводдун (МЗКТ) жумушчулары аларга келип сүйлөгөн президент Александр Лукашенкону “Кет!” деп бетине айтып, кыйкырып туруп алышты.

Александр Лукашенко 26 жыл ичинде мындай сөздү жумушчулардан бетме-бет биринчи угушу.

Ал жакка бул кезде тик учак менен президент Александр Лукашенко барган эле. МЗКТнын жумушчуларынын айтымында, президент алардын баары менен жолугушпай, цехтердин бирине чогулган «тандалма» кишилердин алдында гана сүйлөгөн.

Лукашенко Беларуста иш таштоого карабай «заводдор иштеп жатканын» айтып, ишканаларда «ашыкча» жумушчулар көп болгонун кошумчалады.

«Айрымдар тентип жүргөнүн билем. Эми бир ишканада 150 же 200 киши аба ырайын өзгөртпөйт. Каалагандар иштесин. Көңүлү жокторду мажбурлабайбыз», – деп президенттин айтканын мамлекеттик «БелТА» агенттиги жазды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: