Телеалпаруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына СССР эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин сүрөтүн жүктөдү.
Анын айтымында, белгилүү актер жана сүрөтчүнүн эстелигинин ачылышы 9-ноябрда Бишкекте, Ала-Тоо кинотеатрынын алдында өтөт. Белгилүү болгондой монумент скульптор Алмаз Кожогулов тарабынан жасалган жана Екатеринбургда куюлган. Акча каражат С.Чокморов атындагы Фонд тарабынан каржыланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ