Menu

Үр­күн : Ошондо деле бай – манаптар “эшектин тушагын” чече алган эмес…

Бөлүшүү:

Негизинен эле кыргыздын башына нелер келип, нелер кеткен жок. Соңку, бир кылым мурунку эле тарыхыбызды карасак Кыргыз улу­тун геноцитке айланткан 1916-жылдагы Үр­күн деп аталган кандуу окуяны кайдан унутмак элек. Ошол кез, ошол кыйың кезең азыркыдан да жүз эсе татаал болгон. Ошондо буюккан кыр­гыз көчү Текес менен Беделдин, Жазык сыяктуу бийик ашууларда кар бурганактап, муз тоңуп, адам эмес атан төө бакырып, боз инген менен боз тайлак боздоп, көздөрүнөн жаш төгүлүп тур­ганда, акылман карылар жандык малды сойду­рушуп, жандыктардын сан, кол мүчөлөрүн ысы­гы тарай электе мууздай салып, жалама зоонун беттерине чаптырышып, муздак ташка ысык эт жабыша түшкөндө, кары картаң, оорулуу, бала-бакыра ошол этти тепкич кылып белден ары карай өтүшкөн. Ошол татаал окуяларда хандын, май-манаптардын, бий-болуштардын тукумдары “эшектин тушоосун чечкенге” да жараган эмес. Тескерисинче мансап, байлыкта­рын сактап калыш үчүн падышалык орус төбөл­дөрү менен тымызын сүйлөшүп, элди отко салып берүүгө даяр болушкан. Аныгын айтсак, түндүк кыргыздарда Чүйдө, Көлдө, Нарында эл көтөрүл­гөндө эл ичинен болоттой курч, камчы сап­тай бекем карапайым азаматтар суурулуп чы­гышып, эл баштап, “тар жол тайгак кечүүдөн” өткөрүп кеткен…

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: