Menu

Кыргыздар мурунку президенттерди соттун ишине кийлигишет деп айыптап келишсе, Сооронбай Жээнбековду эмнеге соттун ишине кийлигишпей жатат деп айыпташууда

Бөлүшүү:

Мен, тарыхтан жана болуп өткөн окуялардан жыйынтык чыгарбаганыбызга кээде кадыресе кейийм. Минтип сөзүмдү баштап жатканымдын себептери бар. Учурда аябай талкууланып жаткан окуяларга мындай пикиримди кошкум келет. Мен айта турган сөз айрымдарыӊызга жакпашы мүмкүн, бирок ошондой болсо дагы ачуу чындык.

Биз, мурдагы президенттердин укук коргоо органдарына жана сотко кийлигишип келгенин аябай сындаганбыз. Кийинки президент сот ишине аралашпаса экен деп тилек дагы кылчубуз. Акыркы убакта күч органдарына жетекчи болуп келген жаӊы кадрлардын аракети менен – коррупциялык иштерге байланышкан кылмыш козгоолор болуп, мамлекеттин бюджетин бүт жеген жемкорлор камакка алынды. Алардын көбү президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн жакындары, командасы болчу. Миллиондогон акча каражаттарын уурдаган коррупционерлерди кармап жатканда президент “кой, булар менин кечээки командам эле, партиялашым эле, жакыным эле, чогуу иштедик эле”,- деп коргодубу? Аларды камактан алып калайын деген аракет көрдүбү? Жок! Себеби, ал кыргыз элинин алдында “коррупция менен күрөштө туугандарыма, досторума дагы карабайм!”,- деп убада берген. Ал сөзүнө турду. Ошондо барыбыз кубанып, кубаттап колдодук, туурабы?

Анан, акыркы эки күндө Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу сындап “Сооронбай Жээнбеков Текебаевди актабай койду, чыгарбай койду!”,- деп жазып жаткандар арбып кетти.

Мен, Өмрбек Текебаевдин Маевскийден акча алып алдап кеткени чындыкпы же жалганбы айта албайм, бирок “Азаттыктын” журналисти Улан Эгизбаев менен мурдагы “атамекенчи” Равшан Жээнбековдун интернетке чыгып кеткен сүйлөшүүсүндө Жээнбеков “Текебаев Маевскийден акча алганы чын, аны барыбыз эле билчүбүз”, – деп айтып жатат. Эми, аны бир Кудай билет.

Өмүрбек Текебаевдин акыркы жылдагы бийликке сын айтып, Атамбаев менен ачык каршылыкка чыкканы азаматтык. Анысында кеп жок. Бирок, эмнеге Текебаев 2010-жылдан 2017-жылга чейин түштөн кийин айткан чындыгын чыгарган эмес. Ачык эле айтайын, Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин “Ажыдаар” болуп кетишине түздөн түз салымы бар. Азыр өздөрү сындап жаткан адилетсиз системаны куруучулардын бири өзү эмес беле?!. 2010-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта эмне адилетсиздик болгон жокпу? Ошондо эмнеге Текебаев үн чыгарган эмес. Качан гана Атамбаев президенттиктен кетерине аз убакыт калганда, элдин Атамбаевге болгон жек көрүүсү күчөгөндө “элдик” боло калды. Эмне үчүн? Өмүрбек Текебаевдин 7 жыл аралыгындагы катачылыктарга моралдык түздөн түз күнөөсү жана салымы бар болчу. Атамбаев кандай ботко чалса, боткону аралаштырып жардам берген Текебаев эле. Барынан дагы 2010-жылдагы Ош кандуу коогалаӊынын чыгуусуна Өмүрбек Текебаевдин дагы күнөөсү бар. Жылдыз Жолдошеванын изилдөөсүндө, “Кадыржан Батыровдун жигиттери менен Ата-Мекен партиясынын өкүлдөрү Курманбек Бакиевдин Тейиттеги үйүнө чабуул жасап, ал жерде кыргыз үй менен Кыргызстандын желегин өрттөп салышты. Мына ушул жагдай кыргыз-өзбек жаӊжалынын чыгышына болгон себептердин бири болчу”, – деп эскерилет. Бул турмуш чындыгы. Текебаев жууса дагы кетпей турган кара так болчу. Ал тургай Кадыржан Батыров менен Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Жалал-Абадда чогуу жүргөн сүрөттөр бар. Ош коогалаӊына Атамбаев кандай жоопкер болсо, Текебаевдин сурагы дагы ошончо эле.

Текебаевдин артыкчылыгы кандай? Ал саясатта өмүрү узак саясатчы жана тактик! Керек учурда элдин көӊүлүнөн түнөк таап алуучу сапатка ээ!
Ал кылган катачылыктарын 1 жылда жууп-тазалап, ал тургай азыр “Элдик баатырга” айланып алды. Өзүнүн тилектеши, санаалашы жана үзөӊгүлөшү Атамбаевди кетер алдында сынга алып, кыйкырык салып, ачуусуна тийип жатып камалып кетти. Ашып кетсе 1 жылда камактан чыгат. Бирок, эми Текебаевден эч ким чалган ботколору үчүн сурак кылбайт. Камакта дагы тынч отурбай, азыр тарапташтары аркылуу президент Сооронбай Жээнбековду интернет түйүндөрү аркылуу сындатып жатат. Алар, “Текебаевди Жээнбеков актабай койду!”, – дешүүдө.

Кыргыз республикасынын президентинде камактагыларды актап кою укугу барбы? Президент Сапар Исаков, Салайдин Авазов, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев сыякту партиялаштары камалып жатканда укук коргоо органдарына кийлигишип сактап калган жок. Эгер билсеӊер, мурда Атамбаевдин убагында кайсы партиялашы камалды? Уурулугу чыгып, ал тургай Ирина Карамушкина сыяктуулардын кызматтык унаасы адам тебелеп өлтүрүп кетсе деле кылы кыйшайган жок го? Себеби, Атамбаев күч органдарына аралашып сактап калчу. Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголсо дагы камалган жок. Азыр баары башкача. Текебаевдин камактан чыкпай калышына, Садыр Жапаровдун камактан чыкпай калышына президентти айыптап жатканыӊар туура эмес.

Азыр барыбыз эле байкап жатабыз, камакка алынган коррупционерлер мамлекетте дестабилдүүлүктү каалап жатышат. Ызы-чуу баш-аламандык уюштуруп, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнү эӊсегендер бар. Алар, Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларын колдонуп, колтугуна суу бүркүп, “президент жаман экен”, – деп коштоп жаткандарды көрүп жатабыз. Ошондой бузукулардын курмандыгы болуп калбагыла деп эскертээр элем. Президент колунан келишинче аракеттерин жасап, реформа кылып жатат. Азыр катуу кетип, аша чаппай тургула достор! Ырк бузулуп, чыр чыкса деген бузукулар бар арабызда.

Эгер президентти күнөөлөсөӊөр, мындай кылалы. Башмыйзамды рефрендум жолу менен өзгөртүп, сот, прокуратура жана күч органдарынын милдетин президентке берели. Ошондо президент актап, камап отура берсин. Жок, президент өзүнүн ишин кылсын десек, анда аны сотко аралашууга түртпөйлү. Ошол эле убакта кимдир бирөөлөрдү Элдик баатыр кылып жатканда, кечээ ал ким эле, колунда бар мүмкүнүлүк турганда эмнеге адилеттүү сөз, калыс кеп айткан жок эле деп анализ кылалы. Ошондо биз кеменгер эл, алдыга өнүгө ала турган журтка айланабыз.

Урматым менен, кеменгер кыргыз элиме сабыр тилеп Жанара Муратова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: