Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов түркмөндөрдүн алабайынын сүрөтү түшүрүлгөн Азия-2017 оюндарынын расмий белгисин сынга алды. Оюндар быйыл сентябрда Ашхабадда өтөт.
Түркмөн маалымат каражаттары билдиришкендей, мамлекет башчы Азия оюндарынын талисманы дүйнөдө алабайга болгон кызыгууну арттыруу менен катар улуттук колоритти жана стилистиканы дагы чагылдырышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Бердымухамедов эл аралык спорттук иш-чаранын башкы белгисин жакшыртуу талабын айтып, көркөм сүрөт академиясынын ректоруна сөгүш жарыялады.
Жабык имараттардагы V Азия оюндарынын расмий белгиси январдын башында бекитилген. Анда мамлекеттик ММКлар оюндардын талисманы – шайыр, меймандос балтек — спорттук иш-чарада баарынын сүймөнчүлүгүнө айланышы керектигин белгилешкен. Ошондой эле алар кызыл түстөгү улуттук чапан, топу жана спорттук кийим кийгизилген жашыл түстүү алабайдын сүрөтү улуттук оймо-чиймелердин негизинде, бирок заманбап дизайнда даярдалганын билдиришкен.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ