Menu

Видео – БШК Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев алтынчы чакырылыштын депутаты боло алган жок. БШК бош орун жок болгондуктан мандатты кайтарып бербөө чечимин кабыл алды. Мындай чечим бүгүн, 12-октябрда жыйында кабыл алынды.

Өмүрбек Текебаев өзүнүн кылмыш иши боюнча соттордун бардык чечимдерин Жогорку Сот жокко чыгаргандыгын белгилеп, материалдар жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кароого жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.

Башкача айтканда, Өмүрбек Текебаев азыр соттолгон деген статуска ээ эмес. Ал кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жатат, соттун өкүмү чыкканга чейин ал кайрадан депутат болушу мүмкүн.

Өмүрбек Текебаевдин арызы бош орун пайда болгонго чейин ачык бойдон калат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бардык инстанциялардын соттору аларды КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табышкан.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жиберген. 29-августта алар үй камагына бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: