20-октябрга карата казак чек арачылары жарандарды жана жүргүнчү транспортторду ыкчам өткөрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде 20-30 машина турат. Маал-маалы менен 150дөй киши кезек күтүүдө. Коңшу өлкөлөрдүн чек арачылары ар бир 10-15 мүнөттө 20-25 кишини өткөрүшүүдө.
Токмоктон алыс эмес жайгашкан “Ак-Тилек” көзмөмөл-өткөрмө бекетинде 400дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат. Болжол менен бир саатта 8 автоунаа өткөрүлүүдө. “Чалдыбар” жана “Токмок” өткөрмө бекеттеринде тыгын жок.
Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстан тараптан кыргыз чек арасына өтүүдө тоскоолдуктар жок экенин белгиледи.
10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн башчылары 18-октябрда жөө жүргүнчүлөрдү чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча макулдашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ