Menu

Жалал-Абад шаарынын башкармалыгын салык жыйноо өсүдө

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салык жыйноо боюнча жеткирилген план-тапшырма 476 миллион 723,1 миң сом болсо, аткарылганы 488 миллион 749,8 миң сом болду. Жеткирилген план-тапшырмадан ашыкча 12 миллион 26,7 миң сом чогултулуп, план-тапшырманын аткарылышы 102,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаев билдирди.

Анын ыйтымында, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларына республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма 248 миллион 256,2 миң сом болсо, аткарылганы 254 миллион 427,6 миң сом болду. Жеткирилген план-тапшырманын аткарылышы 102,5 пайызды түзүп, планга салыштырмалуу бюджетке 6 миллион 171,4 миң сом көп түштү.

Жергиликтүү бюджетке отчёттук мезгилге жеткирилген план-тапшырма 228 миллион 466,9 миң сом болсо, аткарылганы 234 миллион 322,2 миң сом болуп, жеткирилген план-тапшырмадан 5 миллион 855,3 миң сомго көп салык жыйналды жана пландын аткарылышы 102,6 пайызды түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жергиликтүү бюджетке 4 миллион 864,5 миң сом бюджетке көп салык жыйналып, өсүү темпи 102,1 айызды түзгөн.

Салык карыздары 2017-жылдын 1-январына карата 26 миллион 563,4 миң сомду түзгөн болсо, 1-октябрга карата 23 миллион 621,5 миң сомду түзүп, жылдын башындагы карызга салыштырмалуу 2 миллион 316,3 миң сомго кыскарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: