Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык медициналык адистер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, ошондой эле Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту.

Россиялык делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Россиялык дарыгерлердин тобунда  реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат жана ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россия Федерациясынын Кыргыз Респуликасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: