Алай районундагы алыскы Аскалуу айылында жаңы спорт зал пайдаланууга берилди, – деп билдирди Ош облустук маалымат кызматы.
Айылда 70тей түтүн болуп, 800гө жакын калк жашайт. Шарты катал, район борборунан 60 чакырым алыста жайгашкан. Жергиликтүү элдин кубанычы чексиз. Спорт залды эми айыл тургундары менен кошо мектеп окуучулары да пайдаланышат.
Ачылуу аземине КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов айыл тургундары, аксакалдар жана район активдери катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ