Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү боордошторду көчүрүп келген Өкмөткө ыраазычылыктарын айтышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Улуу жана кичи Памирди байырлап келген боордоштор Нарын жергесине көчүрүлдү. Депутат Мирлан Бакиров бул боюнча КР Өкмөтүнө ыраазычылык билдирип: “Мындай жагымдуу көрүнүш Улуу, кичи Памирге болгон бир нече экспедициянын жыйынтыгы болуп жатат. Эми аларды Кыргызстандын турмушуна аралаштыруу боюнча кайрымдуулук фонддору менен иш алпаруу керек”,- дейт.
Памирден келген боордоштор темасын улаган депутат Акылбек Жапаров алардын турмушка аралашуусуна КР Өкмөтү зарыл болгон каражатты республикалык бюджеттен бөлүшү керек деген пикирин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ