Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев барышы мүмкүн экен. Бабановду фракция лидерлигинен алып түшөм деп күпүлдөп жаткан Заке эми көздөгөн максатына жетеби? Чындыкты айтып коюш керек. БӨТ чынында жигиттик кылбай койду. Парламенттик шайлоодо Таластан эң көп добуш алып берген мына ушул Заке эле. Анан мандат бербей ары-бери сүйрөдү. Тил эмизди, жаш баладай кылып ойнотту кыскасы. Таарынгандай эле кылды. Рысалиев эми ошол өчүн алмайын тынчыбайт го. Таласка гүбүрнатор болуп калса деле жакшы болот. Иштеп кетет бакылдап. ИИМди деле титиретчү эмес беле…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ