Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борбору өлкөнүн радикалдашып бараткан райондорун атады. Изилдөө иштери «Ислам мамлекети» тобунун катарында Сирия менен Иракта согушуп жүргөн тажикстандыктар тууралуу маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.
Борбордун макаласында радикалдашууга кабылган райондордун көбүндө өлкөдө тыюу салынган «Салафия» жана «Хизб ут-Тахрир» кыймылдары жашыруун иш алып барары айтылган. Маалыматка караганда, исламдагы дал ушул жана башка агымдардын өкүлдөрү Сирия менен Ирактагы согуштарга көп кетишүүдө.
Республикалык башкаруудагы Вахдат шаарында, Рудаки жана Нурабад райондорунда, ошондой эле Согди облусунда радикал агымдардын мүчөлөрү көп экени аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча облустун 170 тургуну учурда чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Сирия, Ооганстан жана Пакистандагы атайын лагерлерде кармалып турушат.
Андан тышкары өлкөнүн Хатлон облусунун шаарлары менен райондорунда жана Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун аймактарында дагы исламдын радикалдуу агымдарынын мүчөлөрү бар.
Стратегиялык изилдөөлөр борборунун маалыматына караганда, Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районунун 23 тургуну, анын ичинде үчөө үй-бүлөсү менен Сирия жана Ирактагы согушка кетип, ИМ тобунун катарына кошулушкан. Ал эми Тоолуу Бадахшан облусунан чыккан жоочулар Сирия менен Ирактан тышкары Ооганстанда дагы согушуп жүрүшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ