Учурда аталган базарда соодагерлер да, кардарлар да ойдогудай иштеп, ойдогудай соода кылып кетип жатышат. Бардык шарты менен жаңы базар ачууга кам көргөн Өкмөткө эл ыраазы. Айрыкча машиненин тыгыны жок болгону баарыбызды кубандырат. Бардык талапка жооп берген жашылча-жемиш базарынын учурда күркүрөп иштеп жатканына айрым бизнесмендердин куйкасы курушуп, Жогорку Кеңештеги тааныштары аркылуу жаманаттылап баштагандары кыжырды келтирет. Базарда эмгектенип, бала-чакасын багып жаткан соодагерлер редакцияга байланышып, өз пикирлерин билдирели дешти. Гезитибиздин кийинки сандарынан орун берели деп чечтик. Элдин камын ойлогон, акча эле дей бербей шарттарды түзө билген ишкерлерди колдогонубуз оң да. Базар ээси Эрмек Маркабаевге эл ыраазы.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ