2017-жылдын 25-сентябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Күн-Туу айылынын 50 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын 21-сентябрь күнү Прохладная көчөсүндө токтоп турган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү делип Москва районунун 18 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалган. Сот тарабынан шектүүгө карата үй камагына алуу чечими чыккан.
Андан сырткары, уурдалган автоунаа ээсине кайтарылып берилген.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ