Бүгүн, 1-ноябрда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өзүнүн партиядан чыгарылышы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
“Мен “КСДП” менен 25 жыл иштештим, тартипти бузган жокмун, партиянын мыйзамдарын тутуп келгем. Мени партиянын катарынан чыгуусу мыйзамсыз. Учурунда өмүрүмө, үй-бүлөмө кол салуулар болгондо да тайманбай аягына чейин турганмын.
Менин дарегиме карата чыккынчы деген сөздөр айтылып жатат. Мен айтаар элем, мени партиядан чыксын добуш бергендер өздөрү чыккынчы, партиянын ичиндеги мындай тиреш өлкөдөгү сайсий кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн. Булар револьюциянын максаттарын аткарган жок”,- деди Өмүркулов.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ