8-ноябрь кечинде жана 9-ноябрь эртең менен Ташкентте дароо үч бир тууган — 7 жаштагы Муниса, 6 жаштагы Мухлиса жана 4 жаштагы Мохира ууланып каза болушту. Күн мурун алар шишкебек жеп, кийин ичтери ооруп дары ичишкен.
Шаардык милиция өкүлүнүн айтымында, азырынча алардын шишкебектен же дарыдан көз жумганы белгисиз.
“8-ноябрь кечинде бир туугандардын кичүүсү, эртеси берки экөө ооруканада каза болушту. Азырынча алардын шишкебектен же дарыдан ууланганы белгисиз болууда. Кыздар ичкен дары дагы экспертизага жөнөтүлдү. Учурда бул иш менен Ташкент шаардык прокуратурасы алектенүүдө,” – деп билдиришти милициядан.
Коңшуларынын айтымында, үй ээси алып келген шишкебекти үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү жегени менен үч кызынын гана ичи ооруп, аларга дарыканадан дары алып келип беришкен.
Маалыматка караганда, каза болгон бир туугандардын улуусу — Муниса быйыл 1-класска барган. Эки сиңдиси бала бакчада тарбияланышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ