Menu

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Россия и Киргизия 1916 – 2016: вехи совместной истории” деген аталышта тарыхый-документалдуу көргөзмөнүн ачылышы болот

Бөлүшүү:

2016-жылдын 17-сентябрында саат 16.00дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында КМШнын Бишкектеги юбилейлик саммитинин алкагында – “Россия и Киргизия 1916 – 2016: вехи совместной истории” деген аталышта тарыхый-документалдуу көргөзмөнүн ачылышы болот.

Көргөзмөнүн  уюштуруучулары Федералдык архив агенттиги (Росархив), Россиянын мамлекеттик экономика архиви.

Көргөзмө төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:

Жети-Сууда 1916-жылы болгон окуялар

Бул бөлүмдө Жети-Сууда 1916-жылдагы окуяларга байланыштуу архивдик материалдар – оригинал тексттер коюлган, алар– Түркстандын жана Талаа чөлкөмүнүн “бөтөн” элдерин ооруктагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө жарлык, “Талаанын генерал-губернатору И.А. Сухомлиновдун император Николая IIнин бөтөн элдерди жумушка алуу жөнүндө буйругун түшүндүрүп чечмелегенкулакткандыруусу…”, “Түркстандын генерал-губернатору А.Н.Куропаткиндин доклады”, “Тургай, урал, Акмола, Семей, Жети-Суу облустарындагы кыргыздардын өзүнчө кеңешинин протоколдору”, ал жыйындарда кыргыздарды ооруктун жумуштарына алуу маселеси талкууланган, Мамлекеттик думанын мүчөсү А.Ф. Керенскийдин сөзү ж.б. материалдар.

Кыргызстан 1920-1940-жылдарда.

Бул бөлүмдө Кыргызстан РСФСРдин автономдуу облусу болуп турган Түркстан Республикасынын түзүлүшүнө тиешелүү тарыхый булактаркоюлган, кийин 1926-ж. Кыргыз АССРи,  1936-ж.  – Кыргыз ССРи болгондугу көрсөтүлөт.Экспонаттардын арасында архивдик документтер – Кыргыз Автономдуу облусунун Кыргыз автономду союздук Республика болуп өзгөртүлүшүнө байланыштуу салтанаттуу жыйындын катышуучуларынын фотографиялары, РСФСР Совнаркомунун БАКтын Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы жөнүндө Декрети, Борбордук Комиссиянын “Кыргызстандын мамлекеттик аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүгө кыргыз тилин киргизүү боюнча” отчетунан үзүндүлөр…”, СССР БАКтын, СССР Совнаркомунун протоколдорунан, токтомдорунан, жыйындарынан үзүндүлөр коюлган. Ошондой эле Кыргызстанда өнөр жайдын – кант жана көмүр тармагынын, айыл чарбанын, ирригация системасынын өнүгүүсү жөнүндө документтер да бар. 1939-жылы СССРдин борбору Москвада Кыргыз искусствосунун он күндүгү өткөрүлүшүсогуштун алдындагы жылдардын жаркын учуру болгон.

Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы эсте каларлык окуялар да архивдик документтер менен чагылдырылган, алар – “СССР ГКО №2414 мобилизация жөнүндө токтому”, штабдардын оперативдүү маалыматтары, 1075-аткычтар полкунун жайгашуу схемасы, 316-аткычтар дивизиясынын командири И.В.Панфиловдун согуштук буйругу, Д.Шопоковго Советтер союзунун Баатырынын наамын ыйгаруу жөнүндө сыйлоо барагы ж.б. көптөгөн документтер.

 Кыргызстан 1950-2016-жылдарда.

Бул бөлүмдө республиканын экономикалык жана социалдык-маданий турмушу, көмүр жана тамак-аш өнөр жайынын, айыл чарбанын, энергетиканын өнүгүүсү, жаңы ГЭСтердин, атап айтканда Токтогул ГЭСинин курулушу, Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз ССР илимдер академиясынын ачылышы жөнүндө материалдар коюлган. Ал документтердин арасында – Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктүк жөнүндө декларациянын тексти, Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин тексти, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын президенттеринин жолугушуулары жөнүндө фотодокументтер бар.

Көргөзмөнүн ачылышына РФ жана КР расмий адамдары, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, министрликтер менен ведомстволордун, элчиликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, илимдин жана маданияттын ишмерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана китепкананын окурмандары катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү 208, КР Улуттук китепканасы

Тел: 30-46-95,30-46-77.

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: