2017-жылдын 13-ноябрында милицияга арыз менен борбор шаарыбыздын тургуну кайрылып, Кулиев көчөсүнөн болжол менен саат 10:30 чамасында белгисиз адам арыздануучунун мас абалынан колдонуп, анын күмүш шакегин жана жеке буюмдарын алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.
Кылмыштын изин суутпай Ленин райондук милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 41 жаштагы У.М. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусун кармашкан.
Кармалган адам Ленин РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ