«Республика» партиясы кыйроо алдын-а. Чөгүп бараткан кемеден келемиштер бириндеп качкандай, Өмүрбек Бабановдун саясаттагы доору аяктап, Кыргызстанга кире албай тургандай капкан коюлгандан кийин, жакын санаалаштары туш-тушка коңул издеп кача баштады. Бабанов өзү да фракция лидерлигин тапшырып берип, чээнге кирмей болду. Кайран жигит “критке” кетти. Эми Бабановдон калган эки тизгин, бир чылбырды Руслан Казакбаев алды. Руслан мырзанын кыйроо алдында турган кемени оңдоп, түз жолго салып кетүүгө чамасы жетээр бекен?.. Ай ким билет, туш тарабын суу тешип кирип жаткан кемени бүтөө оңой эмес.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ