30-августта Душанбедеги “Ватан” кинотеатрында тажик суперкаарманы тууралуу алгачкы комикстин видеоролигинин премьерасы өттү.
“Марди мехрубон” комиксинин режиссеру (Ырайымдуу Киши) Жайхун Насими тажик суперкаарманынын образын жаратууну дайыма кыялданганын жана ишке ашырганын билдирди.
Режиссердун айтымында, комикстин каарманы – аутизм менен төрөлгөн Жахонгир аттуу бала. “Бир жолу ал бассейнде чөгүп кетип, адаттан тыш мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. “Ырайымдуу Киши” аралыктан тирүү жандыктардын кыйынчылыктарын сезип, аларга жардам берүүгө келет. Мындан тышкары ал жаныбарлар, курт-кумурскалар менен сүйлөшө алат, душмандарын көзөмөлдөөгө кудуреттүү. Жахонгир куткаруучу робот иштеп чыгат, ал дагы кишилерди куткаруу менен алектенет. Бирок суперкаарман менен робот көп кыйынчылыктарга туш болушат”, -деди Жайхун Насими. Ал суперкаарман Жөргөмүш Кишиге көп жагынан окшошуп кетерин мойнуна алды
Комикстин баяны тажик, орус жана англис тилинде жазылган.
Бир жыл мурун Голливудда Жайхун Насиминин “Жеңилбес” (“Unfallen”) фильминин бет ачары болгон. Тасма Тажикстандагы жарандык согуш жөнүндө баяндалат. Жайхун Насими 2000-жылдан бери Голливудда иштейт, өзү да бир нече фильмге тартылган. Анын ичинде “Оскар” сыйлыгын алган “Операция Арго” тасмасында кичинекей роль жараткан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ