Өздөрүнө жаккан саясий партияларга каржы жаатында катуу колдоо көрсөтүшкөн жердеш көпөстөр Чыныбай Турсунбеков менен Шаршенбек Абдыкеримов байлыгына чиренишип, бири-бири менен элди көзгө илбей кер-мур айтыша кетишкен экен.
– Сен кимсиң, мага теңелгидей? Мен деген Кыргызстандагы белгилүү «алко магнатмын», – деп сөөмөйүн кезеп итиреңдеген Шакиден бир аз сестене түшкөн Чыке баштагыга караганда үнүн акырын чыгарып:
– Мен деле Кыргызстандагы “ун падышаларынын” биримин. Ишенбесең мурунку президенттен өзүң деле сурап билсең, болот,-деп коёт имиш оозун эптеп кыбыратып.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ