Menu

Кайда барсаң өзүм билем дегендин шору

Бөлүшүү:

Өткөн жумада кырына чыгып алып Кыргызстанды карачу опол тоодой эки окуя болду. Биринчиси, Нью-Йоркто Генералдык Бириккен улуттар (БУУ) уюмунун 71-сессиясы болуп өттү. Экинчиси, Орусияда аяктаган парламенттик шайлоо. Булар бизге «кандай болуубуз зарыл» деген суроого жооп издөөгө жардам берет болду экен?

Орусиядагы шайлоо

Биздин орусиялык саясатка киндиги туташ атка минерлер үчүн тоодой көрүнгөн окуя Москванын бөксө тоолорунан бийик эмес. Анткени Орусияда өткөн парламенттик шайлоо биздин акыркы партиялык шайлообузга караганда технологиялык жана башка жагынан алганда кыйла начар болду десек аша чапкан болбойбуз.

Технология демекчи, кантип тартылганы белгисиз, Орусиянын он чакты жеринде тасмага түшүрүлүп, интернетке жайылып кеткен видеолордо абал мышык ыйлаарлык. Элдин келечегине таалим-тарбия берип жаткан мугалим эжелер бирөөсү кароолго тура калып, экинчиси шайлоо сандыгына тутамдап бүллүтен тыгып атат. Тыгып жиберүү да алдын-ала ойлонулуп, ыңгайлаштырылган. Болгону сандыктын капкагын бекиткен мөөрлүү жипти бошураак кылып кой, бүттү, ыгы келгенде көтөрө салып бүллетендерди шуулдатып уруп жибересиң.

Ошентип Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын «Бирдиктүү Орусия» (Единая Россия) мурункуга караганда 4 млн.го аз добуш алса да, марага биринчи болуп чыгып, Мамдумада Конституцияга өзгөртүү киргизе алгандай көпчүлүк добушка ээ болушту. Сан жагынан алганда буга чейин Мамдумада 450 орундун 238ин ээлеп отурган болсо, азыр 300 орун томуруп алды. Мунун себеби элдин шайлоого аз келүүсүнө байланыштуу. Акыркы 2011-жылкы шайлоого орусиялыктардын 60%ы катышса, өткөн жекшембидеги шайлоого 48% шайлоочу гана келген. Айрыкча, Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу миллиондон көп жашоочусу бар шаарларда шайлоого укуктуулардын үчтөн бири да келген эмес.

Орусиянын шайлоосунда оппозициялык күчтөрдүн баары биригип беш пайыздан араң аша алышты. Мунун себебин териштиргендер жалпыга маалымдоо каражаттарынын толугу менен бийлик тарапка иштегенин айтышат. Бирок мындай таш-талканы чыгып утулуунун негизги себептери башка. Биринчиси, оппозициялык партиялардын шайлоого жакындап калганда гана жүгүрүп калуусу. Экинчиси, майда-барат нерселерди талашып бириге албоо. Үчүнчүсү, берген убадаларына карабай, өздөрү сындаган бийлик тарапка бириндеп өтө качып, шайлоочулардын алдында аброюн түшүрүп алышкан.

Жогорудагы сапаттар биздин оппозициябыз деген партиялардын кылыктарына айныбай окшоп жаткансыйт. Орус коому мындай саясачылардын амалынан качып, шайлоого келбей коюп кутулуп атат. Кыргыз коому болсо жаңы ыкма тапканын жергиликтүү шайлоодо көргөздү. Муну капчыктары бош эмес партияларыбыз да аңдады. Акчаны жарнамага коротпой, шайлоочунун колуна кыстара салсаң болду. Демек, шайлоочулардын шайлоого келүүсү бизде азайбайт, көбөйөт. Биз бул жагынан да орустарды эзели алдыга чыгарбайт окшойбуз.

«Бийликте калуу үчүн Конституциясын алмаштырууда»

Биздин Ажобуз сыяктуу кетүүгө камынган жетекчи көп. Алардын чын эле биротоло кетеринен эч ким күмөн санабайт. Мисалы, БУУнун Генералдык катчысы Пан Ги Мун. Анын коштошуу сөзүнөн эле кайран аксакал ошол орунда бекер отурбаганы билинди. Эмесе, сөздү ээсине берсек.

Саясий лидерлердин көбү өз жарандарынын кызыкчылыгына кыянаттык кылууда деген оюн билдирген БУУнун жетекчиси: «Көп мамлекеттин лидерлери бийликте калыш үчүн Конституцияларын кайра жазуу, шайлоону өз билгендей колдонуу сыяктуу аракеттер менен тырбалаңдап бийликте калуу аракетине өтүштү. Алар кызматын жеке менчиги эмес, жарандарынын ишениминин натыйжасы экенин түшүнүүсү керек. Мен алардын бетине эле айткым келет. Силер элиңерге кызмат кылууңар керек. Демократияны копшогонду, өз өлкөңөрдүн табигый байлыктарын талап-тоноону, атаандаштарыңарды капаска тыгып, басмырлаганды токтоткула!» – деп арам кекиртек жетекчилерди ашкереледи.

Пан Ги Мун дипломатиялык этикетти жыйыштырып, мамлекеттер учурдун көйгөйлөрүн чече албаганына токтолуп: «Жарандар менен лидерлери эки башка дүйнөдө калды. Экстремисттер адамдарды «өзүнүкү» жана «башканыкы» деп бөлүнүүгө түртүүдө. Көп адам күн сайын коркуу менен жашап атат. 130 млн. адам өмүрүнүн учугун араң улап келет. Алардын көбү биздин келечегибиз болгон жаштар менен балдар. Бул залда жөнөкөй жарандарга кылынган мыкаачылыкты көрмөксөнгө салгандар, же ага катышкандар, же аларды мерчемдеп ишке ашыргандар олтурушат. Эми мындан ары кайда барабыз? Бирок айбандыктын түпкүрү жок сыяктуу», – деген ачуу чындыкты айтты.

БУУдагы эрежелердин адилетсиздикке жол ачып жаткандыгы тууралуу Генсек: «Мен кеңири колдоого татыган көп демилгелерди бир же бир нече мамлекет бөгөп салганына күбө болдум. XXI кылымда бир, же бир нече мамлекет эч нерсеге таянбаган эбегейсиз укукка ээ болуп, бүт дүйнөнү барымтага алып алуусу акылга сыйбайт», – деп нааразылыгын билдирген.

Бул сөздөрдү уккан адам «элимди каалагандай башкарам, өзүмдү-өзүм билип, өтүгүмдү төргө илем» деген жетекчи элдин акысын жеп-ичкени, саясий атаандаштарын куугунтуктаганы, укукту жыйыштырып, сотторду каалагандай чечим чыгартканы тууралуу дүйнөнүн кабары жок деп айта албайт. Ошого жараша ойлонуп иш кылганы жакшы болоттур.

«99%ынан 1%ы бай дүйнө эч качан туруктуу болбойт»

Дагы бир «кетер конок» Америка кошмо штаттарынын президенти Барак Обама: «Эки айрылыш жолдо турабыз. Биз же бири-бирибизге жардамдашкан мамлекеттерге айланабыз, же түскө, динге, аймакка жараша ажырап, кылымдар бою келе жаткан араздашууга кайтабыз. Узак мөөнөттүк мээнет менен келген адам укуктары, ачык базар, эсеп берген өкмөт жана демократия принциптери өнүгүүнүн пайдубалы экенин унутпасак. Бул теория жана идеологияга эмес, бул тарых менен факт. Учурда авторитардык жана либералдык башкаруунун атаандаштыгы байкалат. Мен албетте, либералдык башкаруу тараптамын. Либералдык дегенде бир гана таза шайлоо жана элдин ишенимине ээ болгон башкаруу гана эмес, адам укуктарын сыйлоо жана көзөмөлдөө, көз карандысыз сот системасы менен укуктун үстөмдүгүн айтып атам. Көп өкмөттөр ачык базарды колдонгону менен ачык коомдун күчүн көрмөксөнгө салып келишет. Заманбап шарттарда ачык экономика акыры коомду да ачыш керек», – деген ой айтты.

Интернет эң алыскы айылдарды дүйнө менен бириктирди деген Обама оюн: «Технологияларды кайра артка кууп, капаска бекитип сала албайбыз. Дүйнөнүн биригүүсүнө атайын тосколдук кылгандар бар болгону менен демократия барган сайын күчтөнүп баратат. Жердин төрт тарабында адамдар өздөрүнө урмат-сый талап кылууда. Ашкере динчилдик, улуттук өзгөчөлүккө негизделген саясат, ашкере солчулук же оңчулдук сыяктуу нерселерди эске албай коё албайбыз. Алар азгырганы менен узак мөөнөттөгү өнүгүүгө жол ача албаганын да тануу кыйын», – деп сөзүн улантты.

Адамзаттын биригүүсүнө тоскоол болгон жогорудагы нерселерди ашып өтүү үчүн бир нече чараларга токтолгон АКШ президенти: «Глобалдуу экономика артыкчылыгы барларга гана эмес, калктын кеңири катмары үчүн иштеши керек. Акчалуулар салыктан 8 триллион долларды катып жатышат. Бир пайызы калган 99 пайызынан көп байлыкты мыкчып жаткан дүйнө эч качан туруктуу болбойт. Бул эски маалымат, бирок интернет мындай абалды ашкерелегенден ашкерелеп баратат. Бул адилетсиздикти көргөн адамдардын өкмөттөрүнө болгон ишеними урап түшүп жатат. Байларын сурак-соболго тарта албаган коом чирип жок болот», – деген пикирин ортого салды.

Корутунду ордуна…

Жогорудагы регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги көйгөйлөр өлкөбүздө да жок эмес. Биздин саясий лидерлер жана коомдук элита буларды эске алуусу керек деген ойдобуз. Бул көйгөйлөрдөн чыгуу жолдору да жашырылбай так айтылган сыяктуу болду. Туура эмес нерселерден качып, туура нерселерге умтулуу бизди эгемендүү мамлекет жана дүйнөлүк саясий-экономикалык субъект катары калыптануубузга жол ачары шексиз. Антпесек Түркиянын президенти Таййип Эрдоганга окшоп БУУда өз үй-бүлөсүнүн жемкордугун жашыруу үчүн бирөөлөрдүн бетин тырмоого мажбур болосуң. Өзүңө тиешелүү телеканалдар болсо Барак Обама сүйлөп жаткандагы зал толтура кол чапкан элди сенин куру сөзүңөн качкан залдын ордуна чаптап кыйналат.

Саресеп гезитинин аналитикалык тобу

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: