Экс-«Серый кардинал» Икрам Илмияновду Акүйдүн билермандары Баткенге губернатор кылып жөнөтүүгө дилгирленишип, бул кадамдары менен борбордук бийликтин саясатынан алыстатуу жагына ык коюшуптур. «Кичи мекенинен жетекчи катары такшалып, кайсы бир жылдары кайтып келет да» дегендей сөздөр айтыла баштады. Тилекке каршы, Икрам бүгүнкү күндөгү оңой эмес жоолордун бири, мындай «сүргүнгө» макул болбой, президенттин кеңешчилигин кайра сурашы мүмкүн. Себеби, бул кызматтын таасири күчтүү, жоопкерчилиги жок, бирок «илибоюн» калчылдатат, мындан артык кайф барбы? Азырынча байкай туралы, кандай болгон күндө да Илмиянов жерде калбайт эмеспи.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ