Menu

Фото – Сузакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо учурунда милиция курал колдонду

Бөлүшүү:

Сузак районунда кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн адамдар кармалды. Бул тууралуу 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 2-октябрда саат 15:00 чамасында аталган райондун калктуу конуштарынын биринде Сапар аттуу балада ок атуучу куралы бар деген маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча материалдар КЖБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (“Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) тергөө иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу аталган жерге барган. “ВАЗ 2121” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 4-5 белгисиз жаран унаанын жанына келишкен. Алар жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Алардын бири токтоп турган унаага түшүп, аны айдап кетейин деген. Ушул маалда башкалар шектүүнүн качып кетишине жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, укук коргоо органдары аларды кармоо үчүн асманга ок чыгарууга аргасыз болушкан.

Унаа менен качып кетүүгө аракет кылган тургунду милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал 1997-жылы туулган У.Т. экени аныкталды. Аны менен кошо травматикалык тапанча табылган, анда 9 мм калибриндеги 13 огу бар болгон.

Милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүү фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөндөрдүн бири 1977-жылы туулган А.С. буга чейин адам өлтүрүү боюнча соттолгону жана УКТнын мүчөсү экени аныкталды.

Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми шектүү У.Т. 2-октябрда Сузак районунун убактылуу кармоочу жайына камалган.

Фото УВД Джалал-Абадской области . Оружие, найденное у подозреваемого

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: