Menu

Сооронбай Жээнбековдун доору башталды

Бөлүшүү:

Шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Шарипович бүгүн ант берип, кызмат ордуна олтурат. Жээнбековдун артында калбыры жок таза инсан экенин шайлоонун жүрүшү дагы бир жолу тастыктады. Президент болуп олтургандан кийин мамлекет үчүн таза иштеп берет деген ишеним ошол сапаты үчүн артылды. Сооронбай Шариповичке президенттик мандатты эл берди деп айтсак туура болот. Ишин жаңыдан баштап жаткан Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин аткарган, өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти татыктуу көтөрө билген элдик президент болуп тарыхта калууга мүмкүнчүлүгү чоң. Сооронбай Шарипович “Мен ушуга чейин таза келдим. Кудай алдына да таза барайын деген адаммын”, “Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок”, Менин жолум дайыма ачык жана таза”, “Кызматына, даражасына карабастан, коррупцияга аралашкан ар бир адам жооп берүүгө тийиш”, “Ала-Тоонун уулу болуп, өз элимдин кулу болуп, кызмат кылууга мен даярмын” деген сөздөрдү өзүнө ишенгени үчүн айтып келген болсо керек. Бүгүндөн баштап жаңы ажонун, Сооронбай Жээнбековдун доору башталат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: