Menu

Беларус Жогорку соту Минскте кармалган 566 кишинин аты-жөнүн жарыялады

Бөлүшүү:

Минсктеги тилектештик чынжыры

Беларус Жогорку соту 11-августта Минсктеги нааразылык акциялары учурунда кармалган 566 кишинин аты-жөнүн жарыялады. Тизмени соттун сайтынан табууга болот. Кеп толкундоолордун биринчи түнүндө кармалган кишилер жөнүндө гана болуп жатат.

Кармалгандар 4 суткадан 25 суткага чейин камалышкан. Күбөлөр тергөө изоляторлору толуп калганын, укук коргоо органдары кармалгандарга күч колдонуп жатканын билдиришүүдө.

Беларуста президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына каршы жапырт нааразылык акциялары беш күндөн бери уланууда. Башында милиция демонстранттарга суу бүркүп, желим ок, кулак тундуруучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Миңдей киши кармалды. Жабырлануучулар жүздөп саналат. Бир адам өлдү. RFE/RL радиосунун беларус кызматы ал 34 жаштагы Александр Тарайковский экенин аныктады. Расмий версия боюнча анын колунда ОМОНго каршы ыргытыла турган жардыруучу зат жарылып кеткен. Аялы буга ынанган жок.

Бейшемиде акциялар тынч өттү. Минскте бийликке нааразы кишилер колдоруна гүл кармап, миңдеген чакырым ”тилектештик чынжырына” тизилип турушту. Бир катар ири ишканалардын кызматкерлери митинг өткөрүшүп, жапырт иш таштай турганын билдиришти.

Президент Александр Лукашенко протесттерге көңүл буруп, эл алдына чыккан жок. Балтия өлкөлөрү жана Польша Лукашенкону “өз элине каршы күч колдонууну токтотууга” үндөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: