Menu

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында адеп-ахлак сабагы боюнча олимпиада өтүүдө

Бөлүшүү:

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын демилгеси менен  облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда адеп-ахлак сабагы боюнча биринчи олимпиада болуп өтүп, ага “Аиша Сиддика”, “Аз-Захра”, “Имам Аьзам”, “Имам Тирмизий”, “Арстанбап ата”  медреселеринде жана Амир Хамза ислам институтунда билим алып жатышкан 1-2-3-4-курстун студенттери, ошондой эле Алтын Урпак мекемесинин окуучулары катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиада өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга колдоо көрсөтүү, жаштардын адеп-ахлак cабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана диний окуу жайлардын окуучуларынын арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, сабак боюнча класстан тышкары иштерди активдештирүү, сабактарды тереӊдетип окууну жогорулатуу, сабакты изилдөө иштерине жөндөмдүү окуучуларды тартуу максатында уюштурулууда. Мындан тышкары мындай иш чаралардын өтүшү  медреселерде билим берип жатышкан мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, тажрыйба алмашуу, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын жана Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү багыттарын жакшыртат.

Олимпиаданын жүрүшү боюнча атайы казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, “Аиша Сиддика”, “Аз-Захра”, “Имам Аьзам” медреселеринде жана “Алтын Урпак” мекемесинде олимпиаданын жүрүшү боюнча казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Арпидин ажы Жороев, жооптуу катчы Абдиназар Хаджибеков, “Арстанбап ата” медресесинде Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов, “Имам Тирмизий” медресесинде Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтык ажы Шаиков жана Амир Хамза ислам институтунда Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров жеринен таанышып кайтышты. Комиссия алгач Кыргызстан Мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин, КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешовдун, облус казысы Абдулазиз кары Закировдун саламын жолдоп, олимпиаданын расмий ачылышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалашты.

Эске салсак, облус казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен тоолуу Чаткал, Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунун баш имам хатибдеринин колдоосу менен ыйман, адеп жана маданият жылына карата облус аймагындагы бардык диний окуу жайларга КМДБ тарабынан уруксат берилген «Адеп-ахлак» китеби таратылган болчу. Аталган китепте адеп-ахлакка тиешелүү бир топ маселелер камтылып, диний окуу жайларда адеп-ахлак сабагы боюнча бирдей секциялык пландын негизинде окутулуп, келечекте аталган сабак боюнча олимпиадаларды уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Олимпиадалык сынактын I этабы тест түрүндө диний окуу жайларда өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылган студент облустук турга жолдомо алат. II этабы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айларынын аягында облустук казыятта өткөрүү пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: