Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата ОшМУнун «Бизнес жана менежмент» колледжинин студенттери менен жолугушуп, ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо жана биримдиктин маанилүүлүгү туурасында чакан баяндамасын окуп берди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле шаар казысы күнүмдүк жашоо турмуштагы адептүүлүк жана ыймандуулук боюнча өз пикирин билдирип, студенттерди терең билим алып, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ