Menu

ЕБ Украинага берген жардамдан жакшы жыйынтык чыкпай жатканын билдирди

Бөлүшүү:

Европа эсеп палатасы 2007-жылдан 2015-жылга чейин Евробиримдиктин Украинага берген каржылык жардамы  чектелген эффект бергенин жана жыйынтыктары “начар” бойдон калганын билдирди. 7-декабрда жарык көргөн отчетто биринчи кезекте бул коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтердин жетишсиздиги менен байланыштуу экени айтылган.

“Реформа жасоого канчалык аракет көрүлбөсүн, Украина дагы деле Европадагы өтө коррупцияланышкан өлкө катары эсептелет. Олигархиялык кландар экономикага, саясатка жана ММКларга үстөмдүк көрөтүүнү улантууда”, – деп белгилешкен документтин авторлору.

Мындан тышкары ЕБ 2014-жылы Укаринадагы каатчылыкка дароо көңүл бөлүп, жети жылга 11 миллиард евро которгон. Ошол эле маалда бул чукул чечим болгондугу, ошого байланыштуу акчаны колдонуу боюнча стратегия алдын ала макулдашылбаганы эске салынган.

Украинага эң көп насыяны Эл аралык валюта фонду берүүдө, жардамдын көлөмү 17,3 миллиард долларды түзөт. Февралда фонддун башчысы Кристин Лагард өлкөдөгү коррупциянын айынан көмөк көрсөтүү токтоп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Анда президент Петр Порошенко Украина керектүү реформаларды улантарын айткан. Эл аралык валюта фонду сентябрда Киевге миллиард доллар өлчөмүндөгү кезектеги траншты бөлүүгө макул болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: