Menu

Сейтказы Матаев бүгүн эркиндикке чыгат

Бөлүшүү:

Казакстан журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев бүгүн эркиндикке чыгары күтүлүүдө. Ал каржы алдамчылыгына айыпталып, 16 айдан ашуун абакта жаткан. Матаевдин тарапташтары бул “саясий чечим” экенин билдиришкен.

Алматы облусунун Заречное айлындагы ЛА-155/14 колониясынын дарбазасында аны туугандары, тарапташтары жана журналисттер күтүүдө.

16-ноябрда Капшагай соту Казакстан журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу өкүмүн чыгарган. Прокурор бул чечимди даттанган эмес.

Казак мыйзамдарына ылайык, оор кылмыштар боюнча соттолбогон, 63 жаштан өткөн жарандар жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн соң эркиндикке чыгууга арыз жазса болот. Адвокаттары ал мүмкүнчүлүктү жаза кетиришкен эмес. Буга кошумча анын ден соолугунун начардыгы, абакта тартип бузбаганы эске алынып, шарттуу түрдө бошотуу чечими кабыл алынган.

Былтыр октябрь айында Сейтказы Матаев “мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган” деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган. Анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаев ушундай эле айып менен беш жылга кесилген. Ата-бала коюлган айыптарды моюндарына алышкан эмес. Асет Матаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу боюнча жазда сотко өтүнүч келтире алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: