Учурда Орусияда 617-630 миң кыргызстандык бар. Бул тууралуу брифинг учурунда Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, чет жакта жүргөн кыргыздардын саны – 700 миңге жакын. Алардын көбү Орусияда. Казакстанда – 35 миң, Түркияда – 30 миң, Италияда – 5,5 миң, Түштүк Кореяда – 5 миң, Германияда – 5 миң, Бириккен Араб Эмираттарында – 3,5 миң, Улуу Британияда – 2 миң кыргызстандык бар. Ошондой эле Имангазиев: “АКШда канча мекендешибиз бар экенин тактап жатабыз. Акыркы маалыматтарга ылайык, 5 миң кыргызстандык бар. 1778 мекендешибиз башка өлкөлөрдө жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат”, – деп кошумчалады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ