Бишкектеги Ош базарынын аймагында белгисиз адамдар Пакистандын жаранын сабап, тоноп кетишти. Бул тууралуу “Айгүл Кыргызстан” аттуу Фейсбук колдонуучусу баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Пакистандын жаранынын уюлдук телефону жана 600 доллардан ашык акча каражаты болгон.
«Кечээ, 16-декабрда Бишкек шаарына туристтик максатта келген Пакистандын жаранын Ош базарынын аймагында белгисиз бирөөлөр сабап, тоноп кетишкен. Алар анын “Samsung” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 600 доллардан ашык акча каражатын тартып алышкан», – деп жазган ал.
Чет элдик жаран милицияга арыз менен кайрылган. Учурда шектүүлөр изделүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ