Азимбек Бекназаровдон кийин экс-президент Роза Отунбаева да мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин сотко жетпей кыскарышы боюнча билдирүү жасап, муну кескин айыптап чыкты.
«Конгантиевдин ишин жаап койгондор, анын ишин артык кылам деп кайра тыртык кылды. Канча жыл өтсө да Таласта 2010-жылдын апрель айынын биринчи аптасында болгон окуянын жүрүшүн жана себебин баарыбыз билишибиз керек. 6-апрелде Таласта өтө турган курултайга даярдыктар көрүлүп жатканда бийлик диалогго келбей, активисттерге кысым көрсөткөн. Айдын башталышында эле милиция кызматкерлери курултайга элди «барбагыла!» деп эскертип, коркуткан. Таластагы болуп жаткан окуяга чара көрүү үчүн ошол кездеги ички иштер министри Конгантиев жөнөтүлгөн. Ал бараары менен тартипти сактоо үчүн шашылыш, катуу чара көрүүгө буйрук бере баштаган. Натыйжада эл толкуп, кырдаал курчуп кеткен. Соңунда Бишкекте күнөөсүз адамдар кырылганын көргөн эл офицерлерге, Конгантиевге кол салган. Конгантиев катуу жабыркаган үчүн ал суракка алынбай, тергөө иштери жүргөн эмес. Бул иштер тынч мезгилдер үчүн калтырылып келген. Бирок, Конгантиевдин ишин тергөөсүз жана сотсуз, элди кимсиң дебей, эми минтип жаап жатышат. Конгантиевдин иши – 2010-жылы апрель айында Таласта болгон окуянын тамырын жана себептерин иликтөөгө алып бармак. Ошондуктан, Молдомуса Конгантиевдин иши соттук териштирүүдөн өтүшү керек жана анын тагдырын сот гана чечиши керек. Бул иштин токтотулушу президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнүн фонунда орунсуз көрүнүш.
Биз төңкөрүштөр жөнүндө кеп кылып жатып, “жамандыкты унуткан жакшы, ал артта калсын жана кайталанбасын” деген болбойт. Кайталанышы мүмкүн, анткени окуя иликтенген эмес жана андан сабак алынган жок. Молдомуса Конгантиевдин иши сөзсүз соттук териштирүүдөн өтүшү керек жана анын тагдырын сот гана чечиши керек. Конгантиевдин ишин тергөөсүз жана сотсуз, элди кимсиң дебей, жаап жатышканы, деги эле элдин баары эмгек өргүүгө кеткен кезде минтип өлкөнүн тарыхында кала турган жана сынга алына турган ишти унчукпай жаап коюу туура эмес.»
P. S. Роза Отунбаева өз билдирүүсүндө сегиз жыл мурдагы окуяларды баштан аяк сүрөттөп, журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, активист Сыргак Абдылдаевдин ур-токмокко алынышы, Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү, генерал Исмаил Исаковдун камалышы сыяктуу окуялар ошол төңкөрүшкө алып келгенин эскеретти.
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ