Жарандык активист Калича Умуралиева Кыргызстанда сойкулардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну сунуштады. Мындай сунуш коомчулукга кызуу талкуу жаратты. Калича Умуралиева ММКларга эмне үчүн бул маселени көтөргөндүгүн түшүндүрүп берген. «Мен бул маселени көптөн бери айтып жүрөм. Менин кызым ооруканада күйүк бөлүмүндө иштейт. Бир жолу ал жумуштан шок абалда келип, «апа, элестетсеңиз, бизге бир Кызды алып келишти. Аны тирүүлөй эле күйгүзүшүптүр. Ал кыз сойку экен» деди. Аны өрттөгөн адамдар анын кардарлары экен. Жабыркаган кызга сутенёрдон башка эч ким келген эмес. Ал кыз сойку болгондуктан, аны күйгүзгөн адамдар жоопкерчиликке тартылган эмес. Кардар сойкуну жиликтеп салган учурлар дагы болгон. Сойку кыздар ар дайым кордук көрүп келишет. Алардын укугун коргогон адам жок» деп айткан Калича Умуралиева.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ