Menu

Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычына кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну үч окууда тең жактырды. Ага парламенттеги бардык фракциялар макулдук беришти.

Келишимге ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын эми биргелешип пайдаланат. Ал эми суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу толугу менен Кыргызстанга өттү. Өзбекстан болсо суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алды. Келишимдин мөөнөтү жазылган эмес.

Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашса да, ага ээлик кылуу тизгинин буга чейин эки тарап бири-бирине ыраа көрбөй келген. 2016-жылы суу сактагычты кайтаруу боюнча маселе чыгып, ал өзбекстандык бир милиционердин кыргызстандык чек арачылар тарабынан кармалышына чейин жеткен. Өзбек милиционери он күндөн кийин өзбекстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жакшыра баштаган.

Быйыл 6-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапарында суу сактагыч боюнча макулдашууга кол коюлган. Орто-Токой суу сактагычынын жалпы аянты 850 гектар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: