Menu

Кыргызстан менен Индонезия ТИМ ортосунда консультациялар болуп өттү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 6-декабрында  Индонезиянын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү Саясий Департаментинин Директору У.Жусупов Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Директору  Ферди Пиай төрагалык кылган тышкы иштер министрликтери аралык консультациялардын Экинчи раунду болуп өттү. Бул туурасында ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Саясий консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин кылдат талкуулашты. Ошондой эле кыргыз-индонезия мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу тууралуу сөз болду. Тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгы, соода айлануусун көбөйтүү, эң жогорку жана  жогорку деңгээлдерде ырааттуу байланыштарды өткөрүү тууралуу пикирге келишти. Делегация башчылары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин  Индонезиянын  Тышкы   иштер министри Ретно Л.П.Марсудинин чакыруусу боюнча, 2018-жылдын башында Индонезияга жасай турган визитин   жагымдуу кабыл алышты.

Мындан тышкары тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтык маселесине токтолушту жана күн тартибиндеги эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялардын  Экинчи раундунун протоколуна кол коюлду. Кийинки Үчүнчү раунд  2018-жылы Кыргыз Республикасында, Бишкек шаарында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: