Menu

АКШ соту террорго айыпталган Саиповдун мүлкүн камоо чечимин чыгарды

Бөлүшүү:

АКШ соту өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саиповдун АКШдагы жана Өзбекстандагы мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 31-октябрда Манхэттенде жүк ташуучу кичи автоунаа менен сегиз кишини сүзүп өлтүргөн деп айыпталууда.

Life интернет басылмасы билдиргендей, Саиповдун ата-энеси үйүнөн, өзү болсо эки фирмасынан ажыратылышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, эгер Өзбекстан бийлиги АКШнын талаптарын аткарса, анын Ташкенттеги ата-энесинин мүлкү америкалык бюджеттин кирешесине кошулат. Андан тышкары Саиповдун учурда АКШда жашап жаткан жубайы менен балдары дагы үй-жайсыз калышы ыктымал.

2010-жылы АКШга барганга чейин Саипов ата-энеси менен бирге Ташкентте жашаган. Америкалык The New York Times басылмасы жазгандай, жети жыл ичинде ал Кошмо Штаттардын жети башка штатында жашоого жетишкен. Алгач ал Флорида штатында жүк ташуу унаасынын айдоочусу болуп иштесе, 2011-жылы Sayf Motors Inc, 2013-жылы Bright Auto LLC фирмаларын ачкан.

АКШга грин-карттын негизинде барган Саипов 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районунда жүк ташуучу чакан автоунаа менен кеминде сегиз адамды сүзүп өлтүргөндөн кийин дароо камакка алынган. Колго түшүрүү маалында анын унаасынан “Ислам мамлекети” радикал уюмун колдогон кайрылуулар табылганын маалымдалган.

АКШ президенти Дональд Трамп Сайфулло Саиповду өлүм жазасына тартууну талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: