Menu

Өзбекстанда алгачкы жолу көзү көрбөгөндөр үчүн шайлоо бюллетендери даярдалат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Боршайкому көзү көрбөгөн жарандарды добуш берүү укугу менен камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүдө. Алар үчүн президенттик шайлоодогу бюллетендер Брайл арибин пайдалануу менен даярдалат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын президентин шайлоо өлкө жарандары тарабынан жашыруун түрдө жана жалпы элдик добуш берүү аркылуу ишке ашырылат.

Өзбекстанда президенттик шайлоого өлкөнүн 18 жаштан жогору курактагы атуулдар катыша алышат. Өзбекстан жарандарынын добуш берүү укуктарын теги, социалдык абалы, расасына жана улутуна, жынысына, билимине, тилине, диний көз карашына карап түз же кыйыр түрдө чектөөгө тыюу салынат.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: