Menu

Кабул терроризмге шектелген тажик жарандарын Дүйшөмбүгө экстрадициялады

Бөлүшүү:

Кабул терроризм боюнча шек жараткан Тажикстандын үч жаранын 11-декабрда Дүйшөмбүгө экстрадициялады. Аларды эки ай мурда Ооганстандын атайын кызматтары колго түшүргөн.

Кабарларга ылайык, шектүүлөр Ирандын Захидан провинциясы аркылуу Ооганстанга жетип, ал жактан “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууну көздөшкөн. Үчөөнүн бирөө аял экени маалым болду.

Быйыл март айында Хатлон облусундагы бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү Ирандан Тажикстанга экстрадицияланган. Алар да ушундай жол менен Ооганстанга жетип, экстремисттик топтун катарына кошуулуну көздөп баратышканы маалым болгон.

Нью-Йоркто жайгашкан “Soufan Group” аналитикалык компаниясынын баяндамасына ылайык, Тажикстандын 700дөн ашуун жарандары Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кошулуп кетишкен. Алардын көбүнүн тагдыры белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: