2017-жылдын 8-декабрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылынын Ж. Гвардия көчөсүнүн №85 дарегиндеги турак үйдөн өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Чыккан өрт, саат 12:50дө чектөөгө алынган.
Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ээси 1958-жылы туулган С. Г.В. (орус улутундагы аял) каза болгон.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ