Menu

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраманды кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-декабрда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраманды кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Төрага Исмаил Кахраман Сооронбай Жээнбековду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Ал Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган  менен Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырымдын жылуу каалоолорун жеткирип, Кыргызстандын Президентин Түркияда сапар менен күтүп жатышкандыгын баса белгиледи.

“Кыргызстанда Президенттик шайлоолор демократия  шарттарында, биометрикалык маалыматтардын негизинде жаңы технологияларды пайдалануу менен өткөрүлдү. Биз Кыргызстан менен кызматташууга абдан маани беребиз жана  өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кызыктарбыз. Кыргызстанда президенттик шайлоолор өткөрүлдү, Өкмөткө жаңы,  жаш кадрлар келди. Мына ушул кайра түзүүлөр эки   өлкөнүн  мамилелерин  өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенем”, – деди Төрага Исмаил Кахраман.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия менен диалогду  эки тараптуу негизде дагы, көп тараптуу формата дагы активдештирүүнүн маанисин баса белгилеп,  Түрк тилдүү өлкөлөрдүн  Түрк Парламенттик Ассамблеясынын 7чи отуруму  Кыргызстанда өтүп жаткандыгын канааттануу менен кошумчалады.  Мамлекет башчысы ТүркПА  салыштырмалуу кыска мезгилдин аралыгында   түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттери үчүн диалог  жүргүзүүнүн   маанилүү  аянтчасы болуп калгандыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: