Menu

Амалы ишке ашабы?         

Бөлүшүү:

Негизи парламенттеги депутаттардын таржымалы ар кандай деңгээлде. Кай биринин тили курч болсо, экинчисинин капчыгы калың, айрымдарынын эптеп эле ысык жаны бар. Акыркы чакырылыштын ырыскысынан калбай келаткандардын ичинде кадимки Сайдулла Нышанов  деген депутат бар. Ал кезинде Базар-Коргондон  КурСалиевичти  жеңип депутат болгонун көбү билбейт. Ошол кезде анын бактысына “Алга Кыргызстан” деген партия жаралып колун узартып коюуга жараган. Кийин бийликке башкалар келип, бул мырзанын “компасы” башка тарапка оогон.

Көптөн  бери Сакебиз “Ата Мекендин” амири менен парламентте отурат. Бирок, сөөгү ушул партияныкы болгону менен эти башка тарапка тийиштүү десек оң болот. Башкаларга берген куруттун чоңураагына татыктуу болгонунун жөнүн ар тараптан иликтегендер деле болуп калганы мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болчудай.   Ким билет, балким эмки шайлоодо анын тизмеси КСДПдан табылып калышы ыктымал. Кантсе да ал ак кызматы үчүн мурдагы ажонун колунан алган  медалды төшүнө тагынбады беле? Айтор, сезимталдыгы башкача өнүккөн адамдын ыргыткан ташы мелжеген жерине түшөттүр деген божомол бар.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: