Menu

Казакстандык спортчу Паралимпиадада алтын медаль утуп алды

Бөлүшүү:

Пхёнчханда өтүп жаткан Кышкы Паралимпиада оюндарында казакстандык Александр Колядин 1,5 чакырымдык чаңгы жарышында биринчи орунду алды. Бул – Паралимпиада боюнча Казакстан тарыхындагы алгачкы алтын медаль.

Финалга казакстандык спортчу 4 мүнөт 19,7 секундада келди.

Экинчи орунду жапониялык Йошихиро Нитта камсыздады. Коло медаль канадалык чаңгычы Марк Арендске тийди.

Паралимпиадага казакстандык алты спортчу жана бир гид-спортчу катышууда. Өлкө мелдешке чаңгы жана биатлон чеберлерин жөнөткөн. Оюндар 18-мартта аягына чыгат.

Пхёнчхандагы Кышкы Олимпиадада Казакстан медалдык эсеп боюнча 28 орунга жайгашты. Өлкө курамасы буга чейин бир гана коло медалга ээ болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: