Белгилүү испаниялык архитектор Сантьяго Калатраванын долбооруна ылайык, алдында «түбөлүк жай мезгили» боло турган купол Астанадагы борбордук көчөлөрдүн бири эсептелген Нуржол бульварын жабат. Калаа бийлиги долбоорго мамлекеттик бюджеттен каражат кетпей турганын, ал жеке инвестициялардын эсебинен ишке ашырыларын билдирүүдө.
Мындай идеяны алгачкы жолу Казакстан президенди Нурсултан Назарбаев 2012-жылы айтып чыккан. Андан бери Астана бийлиги демилгени талкуулап, бирок ишке ашыруу баскычына мынчалык жакындаган эмес.
Маалыматка караганда, долбоорго катышуу каалоосун белгилүү испан архитектору Сантьяго Калатрава билдирди. Ал Валенсиядагы Искусство жана илим шаары, Висконси штатындагы Милуоки Көркөм музейи, Санта-Крусдагы опера театры, Иерусалимдеги кылдуу көпүрө сыяктуу көптөгөн эсте калчу объектилерди курган.
Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда талкууланган долбоорго ылайык, купол менен президенттин резиденциясы жана Хан-Шатыр соода борборун байланыштырып турган Нуржол бульварын жабуу чечими кабыл алынды.
Азырынча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү долбоордун баасын айтышкан жок. «Учурда долбоордун үстүнөн иштеп, чыгымдар эсептелип жатат. Ага чет өлкөлүк инвесторлор катышат. Азырынча иш соңуна чыга элек, ошондуктан чоо-жайын айта албайбыз. Бирок долбоор жеке инвесторлордун эсебинен аткарылары так белгилүү», – деп билдирди Астананын мэри Асет Исекешев.
Анын айтымында, бул долбоор жалгыз архитектуралык кооздукту гана эмес, кичи жана орто ишкерлик үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачкан көптөгөн жумуш орундарын түзүү максатын дагы көздөйт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ