Кыргыз элинин залкары, атагы ааламга таанылган Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Кыргыз радио бирикмеси тарабынан уюштурулган “Айтматов ааламы” аттуу эл аралык радио фестиваль бүгүн башталды. Анда өлкөнүн белгилүү окумуштуу-илимпоздору, саясатчылар, министрлер дүйнөнү дүңгүрөткөн калемгер Ч.Айтматовду эскеришип, чыгармаларынан көркөм окушат.
Бүгүн, 12-декабрда саат 17-30да Кыргыз радиосу, Биринчи радио, Мин кыял ФМ толкундарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынан үзүндү окуйт.
Айнаш Токбаева залкар жазуучунун “Кызыл алма” чыгармасын жактыраарын, бул чыгарманы окуган сайын белгилүү кино актер Сүймөнкул Чокморовдун образы көз алдына келе тургандыгын белгилеген эле.
““Кызыл алма” тасмасы атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кыл калеминен жаралган чыгармага экинчи өмүр берген. Ал тартылгандан бери бир нече жыл өтсө да, экрандын көркү болуп, кыргыз кереметтеринин катарын толуктап келет”.
Белгилүү болгондой, мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата бир катар иш чаралар уюштурулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ